Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

АӨБ Кыргызстанга 44 миллион доллар жардам берет


Жогорку Кеңеш бүгүн Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы келишимдин долбоорун колдоду. Ага ылайык, аталган банк Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө 44 млн. 800 доллар каражат бөлөт. Келишим боюнча, бул сумманын 37% 25 жыл мөөнөт менен насыя, калганы грант түрүндө берилет. Каражат өлкөдөгү подстацияларды реконструкциялоого жана эскилиги жеткен шаймандарын алмаштырууга жумшалмакчы. Энергетика министри Аскарбек Шадиев парламентте сүйлөгөн сөзүндө бул энергетикадагы жоготууну кыскартарын белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG