Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

Сырттан ташылган азык-түлүккө сезондук бажы төлөм киргизүү сунушталууда


Мындай сунушун бүгүн айыл чарба министри Төрөгул Беков маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, сезондук бажы төлөмдөрдү нөлгө түшүрүү кумшекердин кымбатташына жол бербейт. Кант кызылчасынын түшүмү жыйналып баштаганда бажы төлөмдөрү кайрадан киргизилип, муну менен дыйкандардын кызыкчылыгы корголот. Маалыматка ылайык, Кыргызстан жылына 120 миң тонна кумшекер керектесе, анын 10 пайызын гана ушул жакта өндүрүлөт. “Мында 10 пайызды түзгөн дыйкандарды коргойбуз десек, 90 пайыз керектөөчүлөр жабыркайт. Ушундан улам мамлекеттин позициясы керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоо болууда” - дейт министр.

27-апрелде Чүй менен Таластан келген миңден ашуун кызылчачылар сырттан ташылган шекерге бажы төлөмүн алып салган өкмөт чечимине каршы нааразылыкка чыгышкан. Алар бийлик өкүлдөрүнөн атамекендик өндүрүштүн корголушун талап кылышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG