Күз-кыш мезгилдериндеги суук учурда электр энергтиясын үнөмдөө максатында кайрадан электр жарыгы өчүрүлө башташы мүмкүн, деп билдирди энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министри Илияс Давыдов. Анын ЖК тиешелүү комитетинде сүйлөгөн сөзүнө караганда эгерде 1-октябрга чейин Токтогул суу сактагычына 11 млрд. куб метр суу топтолбосо, анда электр энергиясын үнөмдөө зарылчылыгы келип чыгат. Андай болгон күндө да электр энергиясын чектөө өткөн жылдардагыдай 10-12 сааттап эмес, андан эки эсе аз болот, дейт министр. Илиясм Давыдов быйылкы жылуулук сезонунда бала бакчалар менен орто мектептерди электр жарыгынан чектөө болбой тургандыгын кошумчалады.(ZKo)