Шанхай кызматташуу уюмунун саммитине байкоочу катары келген Пакистандын президенти Асиф Али Зардари жана Индиянын премьери Манмохан Сингх бүгүн эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Бул жолугушуу - өткөн ноябрда Индиянын Мумбай шаарындагы мейманкада жардыруудан ондогон киши набыт болгондон берки эки өлкө ортосундагы алгачкы ырасмий кездешүү болду. Ал жардыруу үчүн Индия өкмөтү Пакистанда жайгашкан согушкерлерди күнөөлөгөн.