Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

Жогорку Кеңештин төрагасы бир жылдык иши тууралуу отчет берди


Парламенттин спикери Айтибай Тагаевдин бүгүн кесиптештеринин алдында берген маалыматына ылайык акыркы бир жылдык иш убагында Жогорку Кеңештин иши жемиштүү болгон. Бул аралыкта парламент депутаттардын командировкасына жана башка иш сапарларын жана штаттык кызматкерлерди кыскартуудан төраганын фондунан 1 млн. 100 миң сом үнөмдөлүп калды. Мындан тышкары парламент акыркы иш мезгили учурунда табигый кырсыктардын жана дүйнөлүк каржылык каатчылыктын натыйжасында пайда болгон бир катар татаал маселелерди чечүүнүн үстүндө иштеди. Булардын арасында азык-түлүк бааларынын кымбатташы, айыл чарбасындагы оор акыбал, Токтогул суу сактагычындагы суунун кескин азайышы менен энергетика тармагында түзүлгөн кыйынчылыкка байланыштуу маселелер бар. Төраганын белгилегени боюнча 2007-жылы декабрь айынан тартып иштеп жаткан парламент 111 жалпы отурум өткөрүп, 543 мыйзам долбоорун караган, анын ичинен 519 мыйзам долбоору кабыл алынып, 456сына президент кол койгон.
2007-жылы 16-декабрда партиялык тизме менен шайланган Жогорку Кеңеш депутаттарынын басымдуу бөлүгүн бийликтин “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү түзөт. Андан тышкары парламентте Социал-демократтар жана Коммунисттер партиясынын өкүлдөрү да бар. 2007-жылы 16-декабрда өткөн парламенттик шайлоо эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар тарабынан “мыйзам бузуулар менен өткөн” деп белгиленген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG