Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Шинжаңдагы тополоңдо 156 адам набыт болду


Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык районунда 5-июлда (жекшембиде) болгон тополоңдо кеминде 156 адам набыт болуп, 800дөн ашуун адам жабыркады. Бул 1990-жылы Бээжиндин Тянанмен аянтында болгон кызыл кыргындан берки эң чоң калаба деп бааланууда. Маалыматтарга караганда, жекшембинин түнүнөн тарта Үрүмчүдө коменданттык саат киргизилип, шаардын көчөлөрүн 2 миңдей полиция кызматкери күзөтүүдө. Чоң жолдордун кесилишине мыкты куралданган полиция күчтөрү коюлган. Шаар тургундары интернетти жана чөнтөк телефондорун колдоно албай калышты. Тополоңго байланыштуу бир нече жүз киши камакка алынды.

Кытай өкмөтү Үрүмчүдө болгон кандуу калаба үчүн сүргүндөгү уйгур жикчилерин күнөөлөдү. Уйгурлардын дүйнөлүк курултайы айыптоону четке какты. Дүйшөмбү күнү Шинжандын экинчи чоң шаары Кашкарда ондогон уйгурлар демонстрацияга чыкканы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG