Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Ысык-Көлдө А.Атамбаевдин үгүт жарнактарын айыл башчылары тымызын жок кылып атат


Шайлоого саналуу күндөр калган сайын президенттикке оппозициядан талапкер болгон А.Атамбаевдин бардык үгүт баракчалары сыйрылып, жок кылынып атат. Мындай маалыматты БЭКтин облустагы штабынан М.Асаналиев "Азаттыкка" билдирди. БЭКтин мүчөлөрү иликтөө жүргүзүп, натыйжада шаарларда кварталдык комитеттер, айыл башчылары жаштарды атайын караңгыда жалдап, айыртып жатышканын байкашкан. Мисалы, Каракол шаарындагы мектеп окуучулары ”Бириксек колдон келет” деген жарыяны айрып келип 5 сом акы алып атышат. Жети-Өгүз айыл өкмөт башчысы Болот Сулайманов элди Атамбаевге үгүттөп жүргөндөрдү: “Корооңо баңги зат таштап кетишет” деп коркуткан. Сулайманов менен жергиликтүү бийлик айтылган дооматтарды четке кагууда. Учурда Ысык-Көлдө Атамбаевдин бир да көрнөгү чоң тактага илинген эмес, анткени реклама менен иштеген фирмалар түрдүү шылтоолор менен кызмат көрсөтүүдөн баш тарткан. (RB)

XS
SM
MD
LG