Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Эки журналист соттошуп атат


Ленин райондук соту бүгүн “Назар” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбековдун арызын карайт. Жээнбеков “Эл сөзү” гезитин жана анын баш редактору Рыскелди Момбековду абийириме, ар-намысыма шек келтирди деп сотко берген. Мындан тышкары Момбековго каршы Жээнбековдун соттордо бир, милициянын тергөөсүндө бир арызы жатат. Мындай дооматтарды Момбеков жалаа деп жатат. Оппозициялык маанайдагы “Ачык саясат” гезитинин мындай араздашуусуна президенттик шайлоо алдындагы пикир келишпестик себеп болгон. Анын негизинде гезит жамааты экиге бөлүнүп, “Назар” жана “Эл сөзү” гезиттерин чыгарууга киришкен. (BuS)

XS
SM
MD
LG