Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Сейсмология институту жаңы мыйзам долбоор сунуштайт


Илимдер академиясынын Сейсмология институту калкты сейсмикалык жактан коргоо боюнча жаңы мыйзам кабыл алууну сунуштоодо. Институттун директору Канат Абдрахмановдун айтымында, ушул тапта иштеп жаткан “Калкты өзгөчө кырдаалдар учурунда коргоо” тууралуу мыйзамында жер титирөөлөрдүн өзгөчөлүктөрү эске алынбай калган.

Жаңы мыйзам долбоордо институттун адистери жер титирөөнүн кесепеттерин азайтуу механизмдерин иштеп чыгууну сунуш кылышууда. “Тилекке каршы көпчүлүк эл турак-жай курууда эрежелерди сакташпайт. Ошол себептүү үйлөр сейсмикалык жактан туруксуз болуп калат”,- дейт К.Абдрахманов. (IJz)

XS
SM
MD
LG