Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Укук коргоочулар “Кыргызпатент” жетекчисине ачык кат жазышты


Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңеши Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Улан Мелисбекке ачык кат менен кайрылышты.

Бул жолу укук коргоочулар, интернеттен издөө кылган учурда Улан Мелисбектин атына Aitmatov.org аттуу домендик ат катталганы анык болгонун, учурда бул аталыштагы сайт убактылуу жабылып турганы менен архивтеги материалдарды издөөдө жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жарыяланганын айтышат.

Буга байланыштуу укук коргоочулар У.Мелисбекти төмөнкү суроолорго эл алдында ачык жооп берүүгө чакырышат.

Биринчиден, Улан Мелисбек домендик атты каттоодо “Айтматов” деген фамилияны колдонуу үчүн жазуучу Чыңгыз Айтматовдон же анын мураскорлорунан уруксат алганбы? Экинчиден, Улан Мелисбек Aitmatov.org сайтына Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жарыялоо үчүн жазуучудан же анын мураскорлорунан уруксат алганбы? Үчүнчүдөн, Улан Мелисбек аталган сайтка ээлик кылуу учурунда кандайдыр бир пайда көргөнбү, эгер пайда көргөн болсо аларды мамлекеттик кызматка орношуп жаткан маалда декларациядан өткөргөнбү?

Эскерте кетсек, бир канча күндөн бери маалымат талаасында “Кыргызпатенттин” жетекчиси Улан Мелисбек интеллектуалдык менчик боюнча адистерден (түрдүү товардык белгилерди каттоо боюнча адистер) он миңдеген доллар акча өндүрүүгө аракет кылгандыгы тууралуу маалыматтар пайда болуп, ал тургай айрым сайттарда У.Мелисбектин үнү жазылган файлдар да жайгаштырылган.

Улан Мелисбек өз кезегинде анын дарегине айтылып жаткан айыптоолорду четке кагып, “Кыргызпатенттин” маалымат кызматы Акыйкатчы институтунун алдындагы бардык эле укук коргоочулар мындай айыптоолорго кошулбасын, алардын атынан билдирүүлөрдү укук коргоочу Бурул Макенбаева менен Тимур Шайхуддинов экөө гана таратып жатканын билдирген.

Бирок бүгүн Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңешинин мүчөсү, “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, кеңештеги бардык эле укук коргоочулар Улан Мелисбекке байланыштуу билдирүүлөрдөн кабардар экендигин айтты. А.Абдрасулованын айтымында, Улан Мелисбек интеллектуалдык менчик боюнча адистер менен чырлаша баштагандан бери ага бир канча жолу телефон чалып, аны жалгыз чайга чакырган. Ушундай эле жалгыз чайга келүүнү У.Мелисбек башка укук коргоочулардан да өтүнгөн.

“Бизге Улан Мелисбектин акча доолап атканын айткан адамдар келишкен. Бул жерде 150 миңдей доллардын тегерегиндеги акчадан сөз болуп жатат. Биз ошол себептүү башкы прокуратурага кайрылып атабыз. Улан Мелисбек болсо баарыбызды чогултуп, түшүндүргөндүн ордуна жалгыздап чайга чакырып атат”,- дейт укук коргоочу. (IJz)

XS
SM
MD
LG