Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

"Жашыл революциянын" атасы көз жумду


Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Норман Борлауг (Norman Borlaug) 95 жашында дүйнө салды. Америкалык окумуштуу айыл-чарбадагы “жашыл революциянын” атасы атыккан. Өтө түшүмдүү дан азыктарын жана башка ачылыштарын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жайылткандыгы үчүн 1970-жылы Нобель сыйлыгына арзыган. Көпчүлүк адистер “жашыл революция” 20-кылымдын экинчи жарымында 1 миллиарддай кишини ачарчылыктан сактап калууда негизги ролду ойногон деп ырасташат.

XS
SM
MD
LG