Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Орус өкүлү Грузияны Ал-Каиданы колдойт деп айыптады


Федералдык Чалгын кызматынын жетекчиси Түндүк Кавказдагы террордук чабуулдарды пландаган Ал-Каида тыңчыларын машыктырып, аларга коопсуз өткөөл ачып берип жатат деп ырастады. Александр Бортников мындай айыпты үн тасмасындагы маалымат менен ырастай алаарын билдирди:

– Козголоңчулардан тартылып алынган үн тасмадан ал-Каиданын чабармандары менен бирдикте Грузиянын коопсуздук кызматтары менен байланыш түзүп, алардын жардамы менен террористтерди машыктырып, Чечен жумуриятынын аймагына өткөрүүнү уюштурушканы айкын болууда.

Бортников ошондой эле Грузияны Дагестандагы террористтерди курал менен жабдып, аларга акчалай жардам берет деп ырастады.
Грузиянын Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жетекчиси Эка Ткешелашвили бул айыптоолорду «акылга сыйбаган үгүт» деп четке какты.

XS
SM
MD
LG