Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Ооганстанда шайлоонун экинчи айлампасы өтүшү мүмкүн


Бул тууралуу Ооганстандын Кошмо Штаттарындагы элчиси Таиб Жавад билдирди. Ошол эле учурда, элчи шайлоо комиссиясынан так маалымат ала электигин кошумчалады. Канткен менен бул - Ооганстанда президент Хамид Карзай менен анын негизги атаандашы Абдулло Абдулло шайлоонун экинчи айлампасына барышы мүмкүн экени тууралуу ооган расмий бийлигинин өкүлүнүн алгачкы билдирүүсү. 20-августта өткөн президенттик шайлоодо массалык бурмалоолор болду деп, оппозициялык талапкер Абдулло добуштарды кайра санап чыгууну талап кылган эле.

XS
SM
MD
LG