Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

НАТО мүчөлөрүн коргойт, Ооган миссиясын токтотпойт


НАТОнун XXI-кылымдагы миссиясы кандай болуш керек? Бул маселеге уюмдун 12-январда Прагада ачылган жыйыны арналды.

Чыгыш Европаны кыжаалатка салган Россия

Альянстын жобосунун жамаат мүчөлөрүн коргоо жөнүндөгү 5-беренесин чыңоо жана уюмдун миссия менен анын мүчөлөрүн коргоону баланстоо-конференциянын күн тартибиндеги негизги маселе.

НАТОнун эксперттер тобунун башчысы, АКШнын мурдакы Мамкатчысы Мадлен Олбрайт.
Жыйындын ачылышында сүйлөгөн АКШнын мурдакы Мамкатчысы Мадлен Олбрайт НАТОнун миссиясы учур талабынан артка калгандыктан, жаңылоого муктаж экенин айтты:

- Акыркы стратегиялык концепция 1999-жылы жаңы өлкөлөр НАТОнун активдүү мүчөсү болгондон мурда жана 11-сентябрь окуяларына чейин кабыл алынган. Альянс 60 жашка толду. Айырымдарыбыз андан бир аз улуубуз. Бул уюмдун милдетин кайра карап көрүүнү талап кылат деп ойлом.

НАТОго мүчө экс-коммунисттик өлкөлөр, өзгөчө Польша жана Балтия мамлекеттери Москванын агрессивдүү жаңы саясатынан кооптонушат.

Июлда Чыгыш европалык интеллектуалдар менен мурдакы ырасмий адамдар, алардын ичинде Чехия менен Польшанын мурдакы президенттери Васлав Гавел жана Лех Валенса АКШ президенти Барак Обамага Россия күчтөнүп, НАТО алсызданып баратканын айтып кат жолдошкон. “НАТО бүгүн биз кошулгандагыдан алсыз сыяктуу көрүнөт. Биздин өлкөлөрдө көпчүлүк эл муну биз мурдакыдай маанилүү болбой калган экенбиз деп билишет. Биз уюмдун тең укуктуу мүчөсү болсок да адамдар “Келечекте кандайдыр кризис болсо, НАТО бизди коргоого даярбы?” деп сурашат”, деп жазган алар өз катта.

Олбрайт: Дүйнө НАТОго муктаж

Олбрайт айым жыйындагы сөзүндө Москва менен жакшы мамиле күтүүнүн зарылдыгын баса белгилөө менен 5-берене НАТО аяльянсы үчүн абдан маанилүү экенине көңүл бурду:

-Маанилүү концепцияны дагы чыңоо, демек 5-берене НАТО альянсынын жүрөгүндө экени талашсыз. Ошол эле учурда Россия менен байланышты калыбына салуу да абдан маанилүү.

НАТОнун өзүндө альянс Ооганстан сыяктуу тыш өлкөлөрдөгү миссияга башын байлап алып, өз мүчөлөрүн коргоого каражаты жана кудурети жетпей калбасын деп кооптонгон кээ бир мүчөлөрү бар.
НАТОнун аскерлери Ооганстанда. Кандагар провинциясынын Даман району. 13-январь 2010


Мадлен Олбрайт шаршемби күнү НАТОнун тыш жактардагы миссиясы “уюм мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл” экенин айтып, НАТО тез өзгөрүп бараткан дүйнөнүн чакырыктарына жооп бергендей болушу абзел деди:

- Биз дүйнөнүн тарыхындагы эң кубаттуу аскерий альянс экенибизди түшүнүүбүз зарыл. Ал дүйнөдөгү аябай маанилүү кызматты аткарганы чындык. Дүйнө XXI кылымга өттү жана НАТОго мурдакыдай эле муктаж. Альянс өзүн жаңы жагдайга ылайыкташы керек.

Октябрда Братиславада болгон жыйынында НАТОнун башкатчысы Андрес Фог Расмуссен “альянстын территориясын жана элин коргоо НАТОнун башкы вазийпасы” деп, берегидей чочулоолор негизсиз экенин билдирген. Ал эми АКШнын Коргоо министринин орун басары Александр Вершбоу жаңы стратегиялык концепция “уюмдун эски жана жаңы миссиясын туура баланстоо үчүн зарыл” деген.

XS
SM
MD
LG