Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

АКШ: iPad: Тактачага сыйдырылган компютер


Сүрөт: Бээжинде Ай-Фонго (iPhone) окшотуп сырты жалтырак, ичи калтырак жасалган аспаптар сатылып жаткан жайма базар. 2009-жылдын 28-октябры.
Сүрөт: Бээжинде Ай-Фонго (iPhone) окшотуп сырты жалтырак, ичи калтырак жасалган аспаптар сатылып жаткан жайма базар. 2009-жылдын 28-октябры.

Шаршембиде "Apple” (“Эппл”) компаниясынын башчысы Стив Жобс АКШнын Сан-Франциско шаарында маалымат жыйынында тактачага сыйдырылган жана сырткы клавиатурага муктаж болбогон компютер жасала баштаганын жар салды.

Даанышман тактача

Кубаттуу компютер өндүрүүчү америкалык Apple компаниясынын жаңы саамалыгы iPad (Ай-Пад) деп аталат.

Бул өтө чакан эсептегич жабдык бир эле учурда салттык ташылма компютерче (лэп-топ) менен компютердик (эсептөөчү) кыйла кызматтарды аткарган iPhone (Ай-Фон) интернет телефонунун (мындай аспапты “смартфон – “акылдуу телефон (smart-phone)” деп да коюшат) касиеттерин өзүнө жуурулуштурган.

Бул аспапты заманбап маалымат технологиясы дүйнөсүндөгү жаңы илгерилөөнүн бир көрүнүшү болот ко деп күтүп жатышкан.

"Apple” (“Эппл”) компаниясынын башчысы Стив Жобс (Steve Jobs) мырза 27-январда Сан-Франциско шаарында өткөргөн маалымат жыйынында бул жаңы “тактача-компютердин” аркасы менен кардарлар интернеттик желени тим эле алаканга салып алып үңүлгөндөй жеңил-желпи колдоно баштайт деп айтты.

Жобс мырзанын айтымында, бул тактача-компютер (tablet computer) интернеттен алынган китепти окууга, видео тасмаларды көрүүгө жана ар кыл компюьтердик оюндарды ойноого мурдагы чакан компютерлердин түрлөрүнө караганда алда канча мыкты ылайыкташкан.

Айтмакчы, бул “даанышман тактачада” адаттагыдай сырткы клавиатура жок.

Тактачанын өтө сезгич экранына (тачскрин – touch screen) манжа же атайын сезгич “калемди” тийгизүү аркылуу тийешелүү маалыматты жеңил-желпи жазууга болот.

Тийешелүү буйрук берип, бул зирек аспапты татаал эсептегич иш-аракеттерди аткарып, сизди виртуалдык жактан тейлөөгө мажбурлоого болот.

Демек, кардар бул чакан компютерди эрмек кылып, аны колдонууда буга чейин болуп көрбөгөндөй жеңил ыкмага ээ болот.

Жеп-жеңил тактачаны бир жерден экинчи жерге ташуу да кыйынчылык туудурбайт.

Мурда илимий-фантастикалык тасмаларда учурагандай, чалкасынан жаткан же тигинен турган тактачанын компютердик экранынын каалаган жерин манжаңдын учу менен сайып, тийешелүү сүрөттү чоңойтуп, же жыйыштырууга, бул даанышман тактачаны бир эле учурда ар кыл буйрукту жеңилирээк аткартууга жетише аласыз.

Демек, лэп-топту колдонгондогудай өзүнчө клавиатурага жана чычканга эми байланып калбайсыз.

Интернетке байлоо ыкмасы - жеңил

Дагы бир маанилүү нерсе – бул тактачада алдын-ала орнотулган Wi-Fi системасы аркылуу жана 3G уюктук телефондору аркылуу интернет желеси бар булакка зымсыз эле туташып, интернетке каалаган учурда чыга аласыз.

Бул “Ай-Пад” аспабы, адистердин айтымында, лэп-топ менен смартфондун ортосундагы компютердик жаңы түргө башат болуп калмакчы.

Албетте, бул жаңы аспап дароо эле карапайым кардарлардын “тиш чукуур сыяктуу” демейдеги күндөлүк куралына айланат деп айтуу кыйын.

Анын баасы азырынча өтө кымбат болоору, бери дегенде 700дөй долларды чапчый турганы жоромол кылынууда.

Бирок азыркы маалымат технологиясы дүйнөсүндөгү атаандаштык акыры бул сыяктуу жаңы аспап чыгарган компанияларды козу карындай жайнатышы ыктымалдан алыс эмес.

Алар “Эппл” компаниясынын бул нукура өнүмүн так өзүндөй кайталай алышпаса да, ошого жакын жаңы аспаптарды өндүрүү аркылуу “тактача-компютердин” баасын акырындап арзандаттырбай койбойт.

XS
SM
MD
LG