Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

И.Исаковдун тарапкерлери ачкачылык акциясын улантууда


Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиевдин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, И.Исаковду камактан бошотуу жана саясий куугунтуктарды токтотуу талабы менен Алайда 10 киши. Бишкекте 4 киши ачкачылык акциясын улантып жатышат.
Мурунку коргоо министри, оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаков Бишкек гарнизондук соту тарабынан 11-январда 8 жылга эркинен, генерал-лейтнант аскердик наамынан ажыратылган. Судья Серик Абиев капитан Руслан Исаковго берилип, өз эрки менен кайтарылган 2 бөлмөлүү квартира үчүн Исаковго ушундай жаза берген. И.Исаков соттун өкүмүн жана козголгон кылмыш иштерди саясий куугунтук катары баалап келатат.(AiT)

XS
SM
MD
LG