Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

Каракулжалыктар революциялык комитет түздү


Анын жетекчилигине Мамытбек Шалибаев шайланды. Бул тууралуу Оштогу кабарчыбыз А.Токсонбаев билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн Кара-Кулжа районунун борборунда жүзгө чукул адам чогулуп, кардын калыңдыгынан эки айдан бери жабык турган Алайкуу-Кара-Кулжа автожолун ачып, сырт менен байланышы жок алайкуулуктарга жардам берүү талабы менен жыйын өткөрүштү. Алар менен жолугушкан Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров менен район акими Айтмамат Осмонов жолдун жарымы кардан тазаланганын, күн жылыса тик учак менен гумманитардык жардам беришерин убада кылды.

Жыйын соңунда каракулжалыктар бийликке мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду актап, абактан чыгарууну, оппозициячыл саясатчыларга куугунтукту токтотуу талабын коюшту.
Кара-Кулжада 2-мартта ыңкылаптын башталганына беш жыл болоору айтылып, Курманбек Бакиев элдин үмүтүн актабаганын, ыңкылаптын максаттарын ишке ашырбаганын белгилешти.

Каракулжалыктар ошол кезде элдин башында турган Дүйшөн Чотоновдун элге келип ыңкылаптын жыйынтыгы тууралуу очет берүүсүн, К.Бакиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG