Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Украинанын президенти бүгүн Орусияга келет


Бул - Виктор Януковичтин мамлекет башчысы катары Орусияга алгачкы сапары. Москвадагы сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл каржы каатчылыгын баштан кечирип жаткан Украинанын орус газы үчүн төлөмдөрүнүн абалына бурулары күтүлүүдө. Аналитиктердин пикиринде, Янукович анын президенттик шайлоодогу атаандашы, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко Орусия менен 2009-жылы жетишкен келишимди өзгөртүүгө үмүттөнүүдө. Ал келишим боюнча Украина орус газы үчүн Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгүнө караганда кымбатыраак төлөйт. Анткен менен Януковичтин сапарын утурлай Москва Киев учурдагы газ келишимдерин аткаруусу керектигин билдирди.

Украинанын жаңы президентинин ал өлкөсү НАТОго кошулуусуна каршы экендигин ачыктоосу Януковичтин Орусияда жылуу кабыл алынышына өбөлгө болчудай. Кызматына өткөн аптада расмий киришкен Янукович Орусияга чейин биринчи чет элдик сапарын Брюсселге, Евробиримдиктин баш кеңсесине жасаган. Брюсселде болгон учурунда Янукович Украинада реформаларды улантууну, Европага багытталган газ транзитин үзгүлтүккө учуратпоону убада кылды.

XS
SM
MD
LG