Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Мэрия митингдерди өткөрүү боюнча токтом кабыл алды


Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев 4-мартта борбордун кайсы аймактарында митинг өткөрүүгө болоорун тактаган токтомго кол койду. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, токтом “Тынч жыйындар тууралуу” мыйзамдын 5-беренесине жана “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу” мыйзамынын негизинде кабыл алынып, анда митинг өткөрүү үчүн борбордогу жаңы жерлер аныкталды. Токтомго ылайык митингдер Л.Толстой, Ш.Термечиков, М.Алыбаев жана Репин көчөлөрү менен чектелген сейил багында өтүшү абзел. Бул тууралуу гүлбак орун алган Ленин райондук акимчилиге жана Бишкек шардык Ички иштер башкармалыгына маалымдама жолдонуп, митингдерди коопсуз өткөрүүнү камсыздоо боюнча тапшырмалар берилди.

Конституциялык Соттун 2-марттагы чечимине ылайык Бишкек мэриясынын 2009-жылдын 24-июлунун №401 токтому жокко чыгарылган. Ал токтомдун мазмуну Мэриянын кийинки токтомуна шайкеш келип, митингдерди ушул эле Лев Толстой, Термечиков, М.Алыбаев жана Репин көчөлөрү менен чектелген сейил багында өткөрүү эрежеси каралган. Болгону ал токтомго ылайык жарандар жергиликтүү бийлик органдарына маалымдама бербей эле жыйналуу укугуна ээ болсо, Консоттун акыркы чечимине ылайык митиндер жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө 12 күн алдын ала маалымдама бергенден кийин гана ишке ашырылат. (EK)

XS
SM
MD
LG