Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:44

Базар-Коргондо отуз эки адам эттен ууланды


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. 1-мартта райондун жашоочулары 35 кой союшкан. Койлор буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы уулуу химиялык заттар сакталган жерде жайылган. Союлган малдын эти коңшу айылдардын жашоочуларына таратылып берилген. Белгилүү болгондой, ушул тапта 22 адам айыгып чыгып, он адам дарыланууда. Окуя болгон жерде медициналык топ иштөөдө. (AiJu)

XS
SM
MD
LG