Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Эртең Бишкекте “Азаттыкты” коргоо пикети өтөт


Бул тууралуу Социал-демократтар партиясы интернет баракчасы аркылуу маалымат таратты. Маалыматка караганда, “Азаттыктын” жер-жерлерде уктурулбай калганына жана бир катар интернеттик маалымат булактарынын тоскоолдуктарга кабылганына байланыштуу 15-мартта саат 16:00дө пикет уюштурулат. Иш-чара Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсеси алдында өтмөкчү (Токтогул-Исанов көчөлөрүнүн кесилиши).

«Азаттыктын» программаларын (радиоберүүлөрү жана «Ыңгайсыз сурооолор», «Азаттык+» телекөрсөтүүлөрүн) алгач УТРКдан алып салышкан. Ал эми февралда Кызыл-Кыядагы «Роял», Таластагы «Мост» радиолору «Азаттык» менен ишин токтоткон. Ал эми 10-марттан тартып Бишкектеги «Манас жаңырыгы» телекомпаниясы, «ОК» радиосу жана Нарындагы «Алмаз» радиосу бийлик тараптан кысым болуп жатканын оозеки айтышып, «Азаттыктын» берүүлөрүн уктурбай калды. Улуттук байланыш агенттиги теле жана радиокомпанияларга эч кандай кысым болбогонун айтышууда. "Азаттыкка" кысым акыркы саясий окуяларга жана "MGN Group"тун мурдагы жетекчиси Е.Гуревичтин ишинен кийин катуулады.

Ал арада “Азаттык” үналгысынын угармандары кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров да нааразылык акциясын өткөрүүгө камынууда. Ал өкмөт үйүнүн алдында пикет өткөрүү боюнча шаар жетекчилигине маалымдама берди. Анда 25-март күнү “ак үйдүн” алдында жалгыз пикет өткөрөрү айтылган. (IJz)

XS
SM
MD
LG