Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Нарындык “провокатор” премьер-министрди сотко бере турган болду


Нарын шаарынын тургуну, «Электр жана жылуулук тарифтерди төмөндөтүү» кыймылынын мүчөсү, Ынтымак курултайына Нарын шаарынан шайланган делегат Эркин Асаналиев премьер-министрди сотко берүү максатын «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында 15-марттагы «24.kg» маалымат агенттигине Данияр Үсөнов ал жөнүндө жалган маалымат берген.

- Мен 2009, а түгүл 2010-жылдарга электр энергиясына бир тыйын бересем жок. Чөнтөк телефондору үчүн 7 миң сом короткон дегени да жалган. Мени жана кыймылдын мүчөлөрүн «провокатор» деп да атаптыр. Ошондуктан Данияр Үсөновду сотко берем»,-деди Эркин Асаналиев.

Нарындагы «Электр жана жылуулук тарифтерин төмөндөтүү» кыймылынын 19 мүчөсү 12-мартта Бишкек шаарында премьер-министр менен жолугуп, электр кубатына тарифтерди мурдагыдай 70 тыйынга түшүрүүнү талап кылышкан. Премьер-министр аларга тарифтер кайра каралбай турганын айтып жооп берген. (KUs)

XS
SM
MD
LG