Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:19

К.Бакиев Баткенде Бужум айылынын тургундары менен жолугушту


Жолугушууда президент Курманбек Бакиев жаңы ачылган аскерий бөлүктүн мекен коопсуздугун камсыздоодогу мааниси туурасында айтып берди, ошондой эле элдин каалоо-тилектерин, сунуштарын угуп, суроолоруна жооп берди. “Азаттыктын” Баткендеги кабарчысынын айтымында, президент аскерий бөлүк башка бирөөлөрдүн эмес Кыргызстандын максаты, келечеги үчүн курулгандыгын белгилеген. “Биз өзүбүздүн коопсуздугубузду коргогонго мүмкүнчүлүгүбүз жетет”, - деди К.Бакиев. Ошондой эле акыркы жылдары пенсия, маяналардын жогорулаганына токтолгон мамлекет башчы, “көчөдө кыйкыргандар жок болсо эле өнүгө беребиз” деп кошумчалады. Учурда Баткенде күч органдарынын кызматкерлери менен жабык эшик артында жыйын уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG