Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Сот “60 тыйынсыз байланыш” акциясына каршы арызды карайт


Эртең Бишкектеги Биринчи май райондук соту аталган райондун администрациясынын жаштардын уюлдук байланыштын кымбатташына каршы өткөргөнү жаткан акциясына тыйуу салуу боюнча арызын карайт. Арызда Өкмөт үйүнүн түндүк жагындагы “Элдер достугу” эстелиги шаардыктар эс алган жай болгондуктан акция өткөрүүгө болбой турганы айтылган. Нааразылык акциясына көп адам чогулса шаардыктар үчүн ыңгайсыздыктар жаралат деп белгиленген. Жаштардын укук коргоо түйүнү аталган эстеликтин жанында 29-мартта акция өткөрүү боюнча 15-мартта маалымдама жөнөткөн. Кыргызстанда 1-февралдан тарта уюлдук байланыш 60 тыйынга кымбаттаган. Жаштар буга каршы ар түрдүү нааразылык акцияларды уюштуруп жатышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG