Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Оппозиция лидерлери оштуктар менен жолукту


Бириккен элдик кыймылдын штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров, «Ата Мекен» социалисттик партиясынын төрагасынын орун басары Дүйшөн Чотонов, «Ар-намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова бүгүн Ош шаарында жана Алай районунда оппозициячыл маанайдагы коомдук-саясий ишмерлер жана эл менен жолугушту.

Жыйындын катышуучулары азыркы бийлик өлкөнү туташ кризиске кептегендигин, эл аралык чөйрөдө аброюн кетиргендигин белгилеп, Элдик курултайдын талаптарын токтоосуз аткарууга киришүү зарылдыгын айтышты. Ошондой эле аталган эки аймакта Элдик курултайдын талаптарын аткаруу боюнча комитеттер уюшулуп, ишке киришти. Ош шаарынын жана Алай районунун тургундары 7-апрелде республика аймактарында башталчу нааразычылык акцияларын толук түрдө кубаттай турушкандыгын билдиришти. Мындан тышкары бүгүн, 29-мартта, Нарында премьер-министр Данияр Үсөнов менен болгон жолугушууда коюлган талаптарга тилектеш экендиктерин жарыялашты. (ATo)

XS
SM
MD
LG