Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Айыпкерди кыйнаган милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду


Адам укугу боюнча Эдвокаси борборунун “Азаттыкка” билдиришинче, Ош облустук жана Араван райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери уурулук кылды деп кармалган Абдыкадыр Анарбаевдин мойнуна ал катышпаган башка эпизоддорду илип, айыпкер буга көнбөгөндө кыйноого салышкан. Жабырлануучу бул туурасында Араван райондук прокуратурасына кайрылганда, андан майнап чыккан эмес. Бирок облустук прокуратурага даттанганда, айыпкерге соттук-медициналык эскпертиза дайындалып, жыйынтыгында ага карата күч колдонулгандыгы аныкталды. Ошол себептүү бир нече милиция кызматкеринин үстүнөн кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүүдө. Ош облус прокурору Жолдошбай Сулаймановго кайрылганыбызда, милиция кызматкерлеринин үстүнөн козголгон кылмыш ишинин тергелиши туурасында маалымат берүүдөн баш тартты. (ATo)

XS
SM
MD
LG