Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

Бүгүн Бишкек райондор аралык сотунда А.Абдырасулованын доо арызы каралат


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абыдрасулова өткөн жылы 17-августта Улуттук коопсуздук кызматынын жанында пикетке чыкканда ага Биринчи май райондук прокуратурасынын кызматкерлери тыйуу салып, саясий акцияны өткөртпөй койгондугуна байланыштуу райпрокурорлордун аракетин мыйзамыз деп сотко доо арыз жолдогон.
Укук коргоочу Өзгөндө террорчу деп шектелип өткөн жылы июнь айында Улуттук коопсуздук кызматынын операциясы маалында мерт болгон Сатыбалдиев Абдукарим жана Сатыбалдиев Абдыкаматтын сөөгүн ата-энесине кайтарып берүүнү талап кылып жана ошол операция тууралуу маалымат шек туудуруп, бүдөмүк болгондуктан так маалымат алуу үчүн коопсуздук кызматынын төрагасы Мурат Суталиновго кат жолдоп пикет уюштурган.
Улуттук коопсуздук кызматы болсо өткөн жылы жайында Жалал-Абадда жана Өзгөндө оперция жүргүзүп, тероррчулар жок кылынганын маалымдаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG