Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Нарын: Аксакалдар губернаторду эл тарапка өтүүгө үндөп жатышат


Элдик курултайдын аткаруу комитетинин атынан азыр үч аксакал Нарын облусунун губернатору Алмазбек Акматалиев менен жолугушууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын өкүлү Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, аксакалдар губернаторду элдик бийлик орнотууга, эл тарапка өтүүгө үндөп жатышат. Ушундай эле жолугушуулар буга чейин район жетекчилери менен өткөн, дейт А. Бекназаров. Нарын облусунун губернаторунун жардамчысы “Азаттыкка” бул тууралуу бир аздан кийин маалымат берилерин билдирди. Нарында эртең элдик курултай шаардагы драма театрында өтөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG