Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

АКШ "Манас" базасынан аскер ташууну убактылуу токтотту


АКШнын армиясы кабыл алган чечимге ылайык, алдыдагы бир нече күндө Ооганстанга аскерлер АКШнын Кувейттеги базасы аркылуу ташылмакчы. АКШнын Борбордук командачылыгынын маалымат катчысы майор Жонн Редфилддин айтымында, Кыргызстандын баш калаасына жакын жердеги базадан жүргүнчүлөргө байланышы жок жүк ташуу маселеси ар бир жолу өз өзүнчө каралмакчы. Кабарларга караганда, америкалык өкүлдөр аскер ташууну убактылуу токтотуу чечими Кыргызстандагы соңку толкундоолорго байланыштуу кабыл алынды. Ройтерс агенттигинин кабарына ылайык, "Манас" базасында иштеген кызматкерлер шаршембиден бери сыртка чыгарылбай жатат. Кечээ жакында бийликке келген кыргыз оппозициясынын айрым лидерлери америкалык базанын жабылышын талап кылып келишкен. Бирок башкалары азыр "Манас" аба бекетиндеги база тууралуу АКШ менен келишим күчүндө калат деп жатышат.

XS
SM
MD
LG