Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

Дүйнөлүк лидерлер бүгүн поляк президентинин таажиясына катыша алышпайт


Буга Европанын аба мейкиндигинде Исландиядагы вулкандан кийинки чаң аралашкан түтүн себеп болууда. Исландияда вулкан атылып, аба-мейкиндигин чаң каптаган, Европанын көпчүлүк өлкөлөрү учканга кооптуу деп, өздөрүнүн аэропортторун жаап салышты. Бүгүн Польшанын Краков шаарында маркум президент Лех Качкински менен аялы Мариянын таажиясы болот. Ага вулкандын айынан катыша албай тургандыгын АКШнын, Франциянын, Түркиянын президенттери билдиришти. Германиянын канцлери, Еврокомиссиянын жетекчиси да Краковко келе албай тургандыгын айтышты. Азырынча орус президенти Краковко барбай турганы жөнүндө кабар түшө элек. Президент Лех Качкински менен анын аялы Орусияда өткөн аптада авиакырсыкта набыт болушкан.

XS
SM
MD
LG