Бишкектин түндүк тарабындагы айлампа жолдо учурда миңге жакын митингчилер менен атайын даярдыктагы 300 чакты милиция кызматкерлери тирешип турат. Милиция митингчилерди бир топ артка сүрүп келди. Бул жерге чогулган жер басып алуучулар
кечээки тополоңдо милиция кармап кеткен жүздөн ашуун адамды бошотуп берүүнү талап кылышууда. Учурда шаар бийлигинин жана милициянын өкүлдөрү жер ээлеп алууну көздөгөндөрдүн топ башылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын окуянын чордонунда жүргөн кабарчыбыз билдирди.(SM)