Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Т. Сариев: Финансы тармагы толук көзөмөлдө


Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Темир Сариев Убактылуу бийлик апрель айында бардык мамлекеттик органдарды жана Социалдык фондду каржылай ала турганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн каржы тармагы толук көзөмөлдө жана эч кандай кооптонуу жок. “Мамлекеттик мекемелерде иштеген, мугалим, врач ж.б. баарына акча толук берилет. Булардан сырткары ресурстарды таап милиция, өзгөчө кырдаал кызматкерлерине акча кошуп берип жатабыз”, - деди Т.Сариев. Ошондой эле ал май айына иш-чаралар көрүлүп, ири эл аралык уюмдар менен катар ички ресурстар каралып жатканын кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG