Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

“Форумдун” жанында чагымды Улуттук коопсуздук кызматы жасаган


Муну атайын комиссия иликтеп өзүнүн туура жыйынтыгын чыгарышы керек. Бул тууралуу Нарын облусунун мурдагы губернатору Өмүрбек Субаналиев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 7-апрелде "Форум" ишканасына Элдик курултайга чогулган элдин жанында болгон милиция кызматкерлери колдорунда ок атуучу курал болбогонун, ал жерге куралдарды Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери алып келишип, эл менен кагылышуу болгондо алар куралдарын таштай качышканын билдиришкен.
“Бул классикалык чагымдын түрү. Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери митингге чыккан элдин жанына ок атуучу куралдарды таштап коюп качып кеткенде, куралдарды көтөргөн жаштар Ак үйдүн жанына барганда, бул куралдуу төңкөрүш деген негизде аларды көздөй ок атылмак. 7-апрелде ушундай эле болду”,-дейт Ө.Субаналиев.
Бул боюнча Улуттук коопсуздук кызматынын пикирин билүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. (AJ)

XS
SM
MD
LG