Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Ө.Текебаев: УТРК келээрки жумада коомдук телекөрсөтүүгө айландырылат


Бул тууралуу убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири Өмүрбек Текебаев бүгүн ММК өкүлдөрү менен болгон маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында бул үчүн курамы 15 кишиден турган Байкоочу Кеңеш түптөлөт. Убактылуу өкмөт Улуттук телерадио корпорациясын коомдук телекөрсөтүү кылып кайра түзүү ниетин баштан билдирип келет. Ага ылайык мындан ары УТРК каржы маселесин албаганда бир дагы мамлекеттик органга баш ийбей, эркин болот.

7-апрелдеги окуялардан кийин УТРК жетекчилиги өзгөргөн. Бирок бир тараптуу маалымат берип жаткандыгы үчүн УТРК дарегине “Мекен шейиттери” кыймылы тарабынан бир катар сындар айтып келет. (EK)

XS
SM
MD
LG