Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Ө.Текебаев А. Акаевдин Кыргызстанга келүү ниетин шашмалык катары баалады


Бул тууралуу убактылуу өкмөт мүчөсү Өмүрбек Текебаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Ал шайлоолор бүтүп, жаңы бийлик калыптанганга чейин Аскар Акаевдин Кыргызстанга келишин эп көрбөй “келбей турса ар кандай шектенүүлөрдөн, сөздөрдөн да алыс болмок” – дейт. Аскар Акаевдин Кыргызстанга келиши тигил же бул саясий күчтөргө дем берип өлкөдөгү саясий картаны өзгөртүп жибериши мүмкүндүгүн белгилеген Текебаев бул демилгени акаевдер үй-бүлөсүнүн саясатка аралашып, чечимдерге таасир этүү аракети катары баалайт. “Бермет Акаева убактылуу өкмөт сунуштаган Башмыйзамдын долбоорун жараксыз деп таап, бизге күчтүү президенттик башкаруу формасы керек”- деп жарыялап жатат, деп билдирди убактылуу өкмөт мүчөсү. Азырынча Аскар Акаевдин экс-президенттик макамынан ажыратуу маселеси көтөрүлө элек.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин үй-бүлөсү өз мекенине келүүгө ниеттенип жатканын Бермет Акаева Казакстандын “Каз ТАГ” агенттигине берген интервьюсунда билдиргенин “Азаттыктын” казак кызматы жазып чыккан. Бермет Акаеванын айтымында, алардын үй-бүлөсү Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсү үчүн салым кошууга кызыкдар. Ошондой эле ал атасы Аскар Акаевдин саясатка аралашуу нитети жок экенин айткан. (EK)

XS
SM
MD
LG