Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Башмыйзам долбоорунун котормосу боюнча филологиялык комиссия түзүлдү


Убактылуу өкмөт сунуштаган Башмыйзам долбоорунун орус, кыргыз варианттарынын мазмундук шайкештигин тактоо боюнча филологдордон турган атайын комиссия түзүлдү. Бул туурасында убактылуу өкмөттөн кабарлашты. Комиссия алдыңкы эки жума котормолордун тууралыгын текшерип чыгат. Белгилүү болгондой, Башмыйзамдын соңку жаңы долбоору алгач орус тилинде жарык көргөн. Убактылуу өкмөт мүчөсү Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүндө буга Башмыйзамга жазылган ой-мүдөөлөрдү укуктук тилге салууда кыргыз тилиндеги адистердин жетишсиздиги себеп болгон.

Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн Башмыйзамдын кыргыз тилиндеги долбоорун коомчулукка жарыялады. Буга чейин мыйзамдардын расмий жана мамлекеттик тилдеги мазмундары эки ачакей чыкканы бир катар нааразылыктарды жаратып келген. (EK)

XS
SM
MD
LG