Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:16

Убактылуу өкмөттүн төрайымы Р. Отунбаева эртең ИИМдин Академиясына барат


 ИИМ Академиясында Роза Отунбаева менен боло турган жолугушуунун негизги максаты - Конституциянын жаңы редакциясы боюнча талкуу өткөрүү, ой-пикир алышуу болуп саналат. Бул жөнүндө Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Убактылуу өкмөт 26-апрелде Конституциянын жаңы долбоорун бүткүл элдик талкууга койду. Баш мыйзамдын долбоору боюнча сунуштар 14-майга чейин кабыл алынат. Андан кийин жумушчу топ 18-майга чейин алымча-кошумча менен иштеп чыгып, 19-майда Баш мыйзамдын бүткөн варианты жарыяланат. (KC)

 

XS
SM
MD
LG