Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Жалал-Абадда Бакиевдин жактоочулары облустук акимчиликти ээлеп алышты


Жалал-Абад облустук акимчилигинин имаратына кечке жуук К. Бакиевдин бир жарым миңдей жактоочулары колонна менен "Бакиев" деп ураан чакырып жетип келишти. Демонстранттардын 50 чакты өкүлү облустук администрацияга кирип кетишти. Окуя болгон жердеги кабарчыбыз эл чогулган жерден ок атылганын да укканын билдирди. Милиция кызматкерлери кырдаалга кийлигишпей байкоо салып турушат. Убактылуу өкмөт дайындаган губернатор Бектур Асанов облустук имараттан көрүнгөн жок.

Мындан мурда күндүз Ош областында дагы бийлик имараттарын мурдакы губернатор баш болгон күчтөр ээлеп алган. Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү мурдагы бийликти жактаган контрреволюциячыл күчтөр баш көтөрүп, кырдаалды колдон жулуп жатканын белгилешип, бирок алардын бузуку аракеттерин эл колдобойт деп билдирүү жасап жатышат. Убактылуу өкмөт соңку билдирүүсүндө өлкөнүн түштүгүндөгү окуяларды кырдаалды бузуп-жарып реванш алууну көздөгөн К. Бакиевди жактаган күчтөрдүн бузуку аракеттери деп мүнөздөгөн. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров Кыргызстандагы окуяларда сырткы күчтөрдүн дагы таасири байкала баштады деп "Азаттыктагы" маегинде белгилеген.(КС)

XS
SM
MD
LG