Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

Убактылуу өкмөт Н. Түлеевди чагым сөздөрдү айтууда деп айыптады


Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин билдирүүлөрүн чагымчыл жана бузукулук максатты көздөйт жана ал К. Бакиевдин режиминин кылмыштарын актоого аракет кылууда деп билдирүү таратты. Билдирүүдө Н. Түлеев Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары А. Атамбаевдин сөздөрүнүн маанисин бурмалап жатканы айтылат:

“Кеп 12-майда Жогорку Кеңештин алдындагы митинг жөнүндө болуп жатат. Анда А. Атамбаев Н. Түлеевди жана К. Бакиевдин жакын чөйрөсүндөгү башка адамдарды Кыргызстандагы кырдаалды бузуп-жаруудан алыс болууга чакырган. Бирок мурдагы мэр А. Атамбаевдин сөзүндө зордук-зомбулукка чакырык айтылган деп кырдаалды көрсөтүп жатат”.

Ошондой эле Убактылуу өкмөт өкмөт башчынын биринчи орун басары саясий атаандаштарына карата күч колдонуу жөнүндө айтпагандыгын жана кырдаалды бузуп-жарып жаткандарга “үйлөрүнө чейин барып”, моралдык таасир көрсөтүүнүн жолун эл таба тургандыгын билдиргени белгиленет.

Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы ошол эле учурда Убактылуу өкмөт жетекчиси Р. Отунбаева борбор калаанын башчысы болуп Н. Түлеев иштеп турганда оң жылыштар болгонун, бирок ошого карабастан ал өзүнө тагылып жаткан жер сатуу, бюджеттик каражаттарга кол салуу сыяктуу айыптоолордон кутулушу керек деп эсептерин белгилейт. (КС)

XS
SM
MD
LG