Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Оштогу массалык тополоң фактысы боюнча прокуратура кылмыш ишин козгоду


Ош областтык прокуратурасы Ош шаарындагы массалык тополоң жана ээнбаштык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бүгүн Ошто мурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин беш жүзгө жакын тарапкерлери нааразылык акциясын өткөрүшүп, облустук администрацияны басып алышты. Алар областтык акимчиликти ээлеп алып жаткан учурда имараттын эшик-терезелери сынган.

Акциянын катышуучулары жергиликтүү бийликтин азыркы жетекчилерин токтоосуз кызматтан кетишин, Курманбек Бакиевди тез арада алып келүүнү талап кылышууда. Областтык прокуратура окуяга иликтөө жүргүзүп, күнөөлүү адамдарды аныктоо аракетин көрүп жатат.

Убактылуу өкмөт соңку билдирүүсүндө өлкөнүн түштүгүндөгү окуяларды кырдаалды бузуп-жарып реванш алууну көздөгөн К. Бакиевди жактаган күчтөрдүн бузуку аракеттери деп мүнөздөдү. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров Кыргызстандагы окуяларда сырткы күчтөрдүн дагы таасири байкала баштады деп "Азаттыктагы" маегинде белгиледи. (КС)

XS
SM
MD
LG