Ооганстандын борборунун түндүк тарабында жайгашкан Баграмдагы авиабазанын аймагында НАТОнун жоокерлери менен талибдердин ортосунда ок атышуу болду. Маалыматтарга караганда, андан жети жоочу жана эл аралык күчтөрдүн 5 жоокери каза тапты. Баграмдагы ок атышуу Кабулдагы жардыруулардан кийин болуп отурат. Ал жардырууда каза тапкан 18 кишинин ичинде 5 америкалык жоокер жана канадалык полковник бар болчу. Ооганстанда жыл башынан тарта 209 чет элдик жоокерлер курман болгон.