Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Исмаил Исаков Жалал-Абадга жөнөп кетти


Убактылуу өкмөттүн Түштүк аймагы боюнча өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен ички иштер министринин милдетин аткаруучу Бактыбек Алымбеков Жалал-Абадга шашылыш жөнөп кетишти.

Бүгүн Жалал-Абадда “Телтору” ат майданында чогулган 5 миңден ашуун эл облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асановду кызматтан кетирүүнү, Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун президенти Кадыржан Батыровду улут арасына от жагууга аракеттенип жатат деп айыпташып, аны камоону талап кылышкан.

Аты-жөнүн айтпаган жергиликтүү тургундун “Азаттыкка” билдиришинче чогулган адамдар “Элдердин Достугу” университетине барышып, имаратты таш бараңга алышканда, окуу жайдын ичиндеги күзөтчүлөр тараптан ок чыгып 6 адамга ок жаңылып, аларды ооруканага алып кетишти.

ИИМдин басма сөз кызматы Жалал-Абаддагы ок атышууларды четке кагып, тополоңчуларга милиция кызматкерлери эскертүү огун асманга атканын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG