Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Өзбекстан Сохтон кыргыз жарандары ички паспорт менен өтүүсүнө тыюу салды


Бул тууралуу облустук акимчиликтен “Азаттыкка” бүгүн билдиришти. Маалыматка караганда, эки күндөн бери Өзбекстандын Сох анклавынан транзиттик каттамда Кыргызстандын жарандарына ички жарандык паспорт же башкача айтканда ID карт менен өтүүгө уруксат берилбей жатат. Мунун айынан Баткен, Лейлек районунун тургундары 100 чакырымдай Баткен-Бүргөндү- Пүлгөн жолу менен айланып өтүүдө. Облустук бийликтин кайрылуусуна кошуналар буйрук Ташкенден болгонун, маселе жергиликтүү деңгээлде чечилбестигин билдиришкен. Кыргыз тарап эгер маселе тез арада чечилбесе Сох анклавын Өзбекстандын негизги бөлүгү менен байланыштырган жолго күчөтүлгөн текшерүү киргизишээрин билдирген.

2006-жылы эки тараптын жергиликтүү бийликтери Сох анклавы аркылуу өтүүдө кыргыз атуулдары ички жарандык паспорт менен каттоосуна макулдашкан болчу. (JsA)

XS
SM
MD
LG