Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

АКШ түштүк кореялык кеменин чөгүшү үчүн Түндүк Корея жооп берерин эскертүүдө


Мамдепартаменттин маалымат катчысы Филип Кроли түштүк кореялык согуштук кеменин түндүк кореялык торпеда менен чөктүрүлүшү эч негизсиз болгонун белгиледи. Мунун алдында АКШнын коргонуу катчысы Роберт Гейтс маселени Сеул өкмөтү менен талкуулай тургандыгын билдирген. Эл аралык тергөөдө март айында Түштүк Кореянын кемесин ичиндеги 46 деңизчи менен Пхеняндын өкмөтү чөктүргөнүн көрсөткөн. Өз иликтөөсүн жүргүзүп жаткан Кытай эки Кореяны тең сабырдуулукка чакырды, Түндүк Корея кемени чөктүрдү деген ырастоону караманча четке кагууда.

XS
SM
MD
LG