Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Түштүк Корея коңшусу Түндүк Кореяга каршы пропагандасын кайра күчөттү


Чек-арадагы райондордо марттагы кырсык үчүн Пхеньянды айыптаган радио-программалар үн күчөткүчтөр аркылуу уктурулуп, баракчалар таркатылууда. 26-мартта Түштүк Кореянын кемеси жарылып, 46 адам набыт болгон эле. Аны Сеул Пхеньяндан көрдү. Расмий Сеул кечээ Түндүк Корея менен соода-сатык алакаларын, деңиздеги карым-катнашын токтотоорун билдирген. Андан кийин Түндүк Корея аскерлерин согушка толук даяр турууга буйруганы кабарланган. Бириккен улуттар уюму менен АКШ Түштүк Кореяны колдоп жатышат. Кытай болсо конфликтти сүйлөшүү жолу менен гана чечүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG