Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

Токтогул райакиминин милдетин аткаруучу Т.Иманалиевдин иши иликтенүүдө


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда 25-майда Токтогул районундагы Жаңы-Жол айылындагы “Бабур” кафесинде мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн кечеси болуп, ага окуучулар, ата-энелер, мугалимдер, коомчулуктун өкүлдөрү катышып, милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыз кылып турган. Түнкү саат 12лерде ал жерге Токтогул районунун акиминин милдетин аткаруучу Тынычбек Иманалиев мас абалында барып, жаңжал чыгарып милициянын эки кызматкерине кол көтөргөн. Окуя болгон жерге Токтогул районунун прокурору жана Ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси барган. Бул боюнча тергеп-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ал эми Тынычбек Иманалиев болсо бул ага карата атайын уюштурулган чагым экенин маалымат каражаттарына билдирди.
Жалал-Абад облусунун басма сөз кызматынын кабарына караганда Тынычбек Иманалиев кызматынан 26-майда алынды. (AJ)

XS
SM
MD
LG