Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Баткендиктер Сох-Риштон жолун бууду


Баткендин 500гө чамалаш тургундары Сох анклавы менен Өзбекстанды байланыштырган Сох-Риштон жолун тосконун аймактагы кабарчыбыз билдирди.

Кабарчыбыздын облустук бийликтин маалыматына таянып кабарлашынча, Өзбекстан Кыргызстандын ичинде турган Сох районуна атайын даярдыктагы миң аскер жана беш райондогу милиция күчтөрүн киргизди. Ага бул райондогу Хушяр айылы менен ага чектеш Баткендин Согмент айылындагы элдин ортосундагы мамиле татаалдашып, кырдаал курчуп баратышы себеп болгон.
26-майда кошуна эки элдин ортосунда чыр чыгып, чоң чатакка айланып кете жаздаган. Кырдаалды жергиликтүү бийликтер эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салганы менен маселе толук чечилбей кала берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG