Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Күрд согушкерлеринин кол салуусунан Түркия алты аскерин жоготту


Окуя Түркиянын Жер ортолук деңизиндеги түштүк жээгинде болгон. Искендерум деген шаардын жанындагы аскер деңиз базасына, түрк расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Күрд жумушчу партиясынын (ПКК) согушкерлери тарабынан ракета атылган. Кол салуу ПККнын камактагы лидери Абдулла Өжалан түрк бийликтери менен диалог жүргүзүү аракеттерин токтоторун жарыялагандан кийин болду. Өжалан түрк өкмөтүн анын тынчтыкка чакырууларын жээригендиги үчүн айыптады. Тыюу салынган Күрд Жумушчу партиясы Түркиянын түштүк –чыгышында күрддөрдүн автономиясына жетишүү үчүн 1984-жылдан бери куралдуу күрөш жүргүзүп келүүдө. Андан берки уруштарда он миңдеген адамдар, көбүнесе күрддөр ажал тапты.

XS
SM
MD
LG