Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматы селдин айынан шаарда 100дөн ашык турак-жай жабыр тартканын 4-июнда билдирди. Алардын көпчүлүгүнө суу кирип, ылай басып калган. Алдын-ала маалыматта 9 үй жарактан чыкканы айтылат. Турак-жайлары жашоого жараксыз болгон 46 адам шаардык мейманканага убактылуу жайгаштырылды. Алардын тамак-ашы менен шаарды тазалоо жумуштарына Жалал-Абад шаар кеңеши тиешелүү акча каражаттын бөлүп берди.
3-июнь түнү мөндүр аралаш эки саат тынбай жааган нөшөрдөн улам облус борбору менен Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районунда сел жүргөн. Облус боюнча канча турак-жай жабыр тартканы тууралуу чукул кырдаал министрлигинин жергиликтүү башкармасы маалымат бере элек. Башкармалык Ош шаарынан 50 куткаруучу келип, облустагы селден жабыр тарткан адамдарга жардам берип жаткандыгын билдирди. (YA)