Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Эрдоган: Түркия Батыштан алыстап баратат деген ырастоолор - үгүт


Премьер-министр Режеп Таип Эрдоган Түркия Батыштан алыстап баратат деген ырастоолорду "үгүттөө" деп атады. Батыштагы айрым дипломаттар НАТОдогу жападан жалгыз мусулман өлкөсү оолактап баратат деген камтамачылыгын билдирип, Израиль менен кризисти, Түркиянын Иранга каршы санкцияларды колдобогонун мисал катары келтиришет. Түркия менен Араб өлкөлөрүнүн саммиттинде сүйлөгөн Эрдоган мындай айыптоолордун артында “кара ниет пропаганда” турат деди. 9-июнда АКШ коргоо министри Роберт Гейтс Европа биримдиги Түркияны шаркетке кабыл алуу процессин кечеңдетип, бул кандайдыр бир деңгээлде Анкаранын тышкы саясатын өзгөртүшүнө түрткү берди жана Израиль менен мамилелеринин начарлашына алып келди деген. Италиянын тышкы иштер министри Франко Фраттини Гейтстин пикирине кошууларын айтып, шаркет Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн ыкчамдатышы керек деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG